Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:31

"Ден соолук" уюлдук тиркемеси иштеп баштады


"Ден соолук" тиркемесинин биринчи бети.
"Ден соолук" тиркемесинин биринчи бети.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө тууралуу тез маалымат алуу үчүн "Ден соолук" аттуу уюлдук тиркеме иштеп баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев 9-августта өткөн брифингде кабарлады.

Тиркемеден ар бир жаран эмдөө тууралуу маалымат алып, жашаган жерине жакын жайгашкан эмдөө пункттарын таап, вакцинацияга жазыла алат.

Ошондой эле, эмделгендерде кандайдыр бир терс таасирлер байкалса дарыгерге кабарлоо функциясы бар. Тиркемени андроид тутумундагы телефондон Google App Store аркылуу жүктөп алса болот.

Кыргызстанда 9-августка карата жарым миллиондон ашуун киши COVID-19 вирусуна каршы эмдөөнүн биринчи дозасын алды. 172 миңден ашык киши толук эмделди.

Азыркы тапта өлкөдө Орусиянын Спутник V, Кытайдын Sinopharm, COVAX программасы менен келген AstraZeneca вакциналары менен калкты эмдөө жүрүп жатат. AstraZeneca вакцинасын алгандан кийин ондогон аскер ооруканага түшүп, аталган вакцинаны колдонуу убактылуу токтотулган. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө 9-августтан тарта уланарын жарыялады. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG