Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Венгрия: ЛГБТ тууралуу талаштуу мыйзам бир айда күчүнө кирет


Венгриянын борбору Будапештте өткөн гей-парад. 24-июль, 2021-жыл.
Венгриянын борбору Будапештте өткөн гей-парад. 24-июль, 2021-жыл.

Венргиянын өкмөтү 6-августта жарыялаган токтомго ылайык, ЛГБТга каршы деген мыйзам 30 күндөн кийин күчүнө кирет.

Алгач мыйзам балдарга карата зордук-зомбулук үчүн жазаны катаалдатууга багытталган болчу. Бирок толуктоолордон кийин “гомосексуализмди пропаганда кылууга” же жашы жетелектерге жынысын алмаштырууга тыюу салуу камтылган.

Мыйзамга ылайык гомосексуализмди чагылдырган продукциялар чиркөөлөрдөн, бала бакчалардан жана мектептерден 200 метр алыстыкта сатылышы керек.

Премьер-министр Виктор Орбандын “Фидес” консервативдүү партиясы ЛГБТга каршы чаралар үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоого багытталганын айтып, ал сексуалдык азчылык өкүлдөрүн бута албайт деп ынандырууда.

Amnesty International укук коргоо уюму бул мыйзам эртели-кеч күчүн жоготоруна ишенерин билдирди.

Еврокомиссия мыйзамды “уят” деп сыпаттап, ал дискриминацияга жол ачат жана европалык баалуулуктарга каршы келет деген негизде Будапештти сотко берди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG