Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:26

Аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөт


9-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, сел жүрүшү ыктымал. Айрым аймактарда шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 33…38;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29;
Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус болот.

9-августта Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 33…35° ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 26…28° ысыйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG