Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Грек аралындагы өрттөн жергиликтүү тургундар көчүүгө мажбур болду


Өрттөн кемеге отуруп качып жаткан Эвия аралынын жергиликтүү тургундары жана туристтер.
Өрттөн кемеге отуруп качып жаткан Эвия аралынын жергиликтүү тургундары жана туристтер.

8-августта Грекиянын экинчи чоң аралы Эвиядагы өрт миңдеген гектарга жайылган карагайлуу токойлорду күлгө айлантып, үйлөрдү жексен кылды.

Андан туристтер жана жергиликтүү тургундар качууга аргасыз болушту.

Өрт түштүк-батыштагы Пелопоннес

аймагында күч алып, бирок Афинынын түндүк четиндеги жалын басаңдады.

Түркия менен Грекия дээрлик эки жумадан бери өрт менен күрөшүп келет. Бул чөлкөм ондогон жылдардагы эң катаал апаатты башынан кечирди. Бийлик өкүлдөрү жана эксперттер окуяларды климаттын өзгөрүшү менен байланыштырууда.

Буга чейин өрттөн Грекияда эки, Түркияда сегиз адам өлүп, дагы ондогон киши түтүнгө ууланып жана башка жараат менен ооруканага жаткырылган эле.

Нөшөрлөгөн жамгыр дем алыш күндөрү Түркияда болгон өрттү баскандай болду, бирок Грекияда абанын табы дагы деле жогору бойдон калууда.

Учурда өрт менен 260 өрт өчүрүүчү жана 66 техника күрөшүүдө. Коңшу жайгашкан Румыния менен Украинадан дагы 200 адам, 23 унаа жана жети учак жардамга жөнөтүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG