Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:54

Кыргызстандыктар Олимпиададан кайткан спортчуларды тосуп алды


Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова жана Айсулуу Тыныбекова.
Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова жана Айсулуу Тыныбекова.

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында жеңишке жетишкен кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова баштаган кыргызстандык оюнчуларды 7-августта "Манас" аба майданында расмий бийлик адамдары менен катар эле карапайым эл тосуп алды.

Токиодогу жайкы Олимп оюндарына катышкан кыргызстандык курама командага арналган салтанаттуу иш-чара Ала-Тоо аянтында уланат.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал утту. Махмудовдун бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медалга жетти. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.

Кыргызстандык спортчулар Токио Олимпиадасында эки күмүш, бир коло медал утту. (GT/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG