Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

УКМК Таалатбек Масадыковдун атайын кызматтын иши боюнча айтканына жооп кайтарды


Таалатбек Масадыков. Архивдик сүрөт.
Таалатбек Масадыков. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 6-августта Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковдун айткандарына жообун жарыялады.

Анда атайын кызмат Масадыковдун кеңештерине муктаж эмес экени айтылды.

«УКМК бүгүнкү күндө масс-медиа менен иштөө бийлик органдары үчүн болуп көрбөгөндөй маанилүү, анткени бул аткарылып жаткан иш тууралуу коомчулукту кабардар кылып туруунун жеткиликтүү ыкмасы деп эсептейт. УКМК аткаруу бийлигинин маанилүү органы болуп эсептелет жана зарыл болгон учурда конституциялык укугу бар компетенттүү адамдардын кеңештерин жана сунуштарын колдонот», - деп айтылат билдирүүдө.

Ошону менен катар атайын кызмат Масадыковду “Конституцияда каралган кызматтык милдеттерине негизделген ыйгарым укуктарын аткарууга” чакырды.

5-августта Масадыковдун журналист Майраш Базлакуновага курган маегинен үзүндүлөр айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган.

Анда Масадыков УКМКнын иши тууралуу айтып жатып мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиевге кеңешин берүүгө даяр экенин билдирип, атайын кызмат элге чыкпай, тынч иштеши керектигин белгилеген.

Коопсуздук кеңешинин төрагасы президент Садыр Жапаров. Өткөн айда ал өзүнө орун басарлык кызмат ачып, коопсуздук жана эл аралык мамилелер боюнча эксперт Масадыковду дайындаган. Масадыков 2017-жылы президенттик шайлоодо талапкер болгон.

27-июлда Жапаров Масадыковдун мындай жооптуу кызматка дайындалышы анын тышкы саясат, аймактык коопсуздук маселелериндеги компетенттүүлүгүнө негизделгенин жана Коопсуздук кеңешинин ролун бекемдөө менен бул органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жасалып жатканын белгилеген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG