Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:04

Жеңиш Молдокматов медициналык кароодон өттү


Жеңиш Молдокматов (ортодо).
Жеңиш Молдокматов (ортодо).

Камакта он күн мурда ачкачылык жарыялаган саясатчы, "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду 5-августта Бишкектеги Кардиология жана терапия борборунда медициналык кароодон өткөргөндөн кийин кайра шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына жеткиришти. Медициналык текшерүүлөрү эртең да уланмай болду.

Өлкөнүн акыйкатчысынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков "Азаттыкка” маалымат берип, төмөнкүлөрдү айткан:

“Жүрөгүн каратып, текшерүүдөн өткөрүп жатышат. Төрт-беш күн мурда жолукканымда Молдокматов чыйралып, жакшы эле турган. Бирок дарыгер «тамак ичпей жаткандыктан мунун ден соолугу начарлайт» деп айткан. Молдокматов өзү бөйрөгү, ашказаны ооруй баштаганын билдирген”.

Азарбеков ошондой эле Молдокматов акыйкатчынын өкүлдөрүнүн, тарапташ-санаалаштарынын өтүнүчүнөн кийин ачкачылыгын токтотконун маалымдаган.

Саясатчынын жардамчысы Эрлан Бекчоро уулу Молдокматов ачкачылыгын токтотпогонун билдирген.

4-августта Молдокматовду Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайынан №1 тергөө абагына которушкан.

Жеңиш Молдокматов 26-июлда кургак ачкачылык жарыялаган. Аны Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган. 2020-жылдагы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине коюлган.

Молдокматов президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап, камалышын саясий куугунтук катары баалап келет.

Бир катар саясатчылар жана жарандык активисттер Молдокматовду ачкачылыкты токтотууга чакырууда. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы анын жагдайына байланыштуу азырынча комментарий бере элек. (EBM/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG