Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:43

5-августтун аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

5-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган жерлерде жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 31…36;

Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 28…33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 33…35 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйтт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 24…26 градуска чейин жогорулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG