Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

Кыргыз спортунун жаңы барагын ачкан балбандар

Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарынын он биринчи күнү Кыргызстан үчүн ооматтуу болду. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал, кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал утту. Ал эми Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты.

Кыргызстан 13 жылдан бери Олимп оюндарында ийгилик жарата албай келген.
2008-жылдагы Бээжин Олимпиадасында Кыргызстан 205 өлкөнүн ичинен 67-орунду ээлеген. Анда грек-рим күрөшүнөн Канатбек Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев жана эркин күрөштөн Базар Базаргуруев коло медал уткан.

2021-жылы 3-августта кыргызстандык спортчулар катышкан мелдештердин урунттуу учурлары менен бөлүшөбүз.

XS
SM
MD
LG