Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Олимпиада: Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду


Мээрим Жуманазарова жеңиштен кийин. 3-август, 2021-жыл.
Мээрим Жуманазарова жеңиштен кийин. 3-август, 2021-жыл.

Токиодогу Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.

Ал 3-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта монголиялык Соронзонболдын Батцэцэг менен беттешип, 10:1 эсебинде утту. Экинчи айлампада мөөнөтүнөн мурда атаандашынын далысын жерге тийгизди.

Жуманазарова беттештерди 2-августта баштаган, алгач блогариялык Мими Христованы 7:5 эсебинде жеңген, чейрек финалда нигериялык Блессин Оборудудуга утулган. Кийин жооткотуучу беттеште азербайжандык Элис Манолованы 4:1 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөшүүгө жолдомо алган.

Мээрим Жуманазарова 22 жашта. 2016-жылы кыздар (кадеттер) арасында дүйнө чемпионатында коло байге алган. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатында коло медал тагынган, бир нече эл аралык мелдештердин байге ээси. 2020-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү. 2021-жылдагы Азия чемпиону. Азия оюндарынын байге ээси.

Жапониянын баш калаасында өтүп жаткан Жайкы Олимпиадада кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта күмүш медал утту.

4-августта дагы Айсулуу Тыныбекова финалда күрөшөт.

Жапонияда 23-июлда расмий башталган Олимп оюндары 8-августта бүтөт. Кыргызстандан 16 спортчу аттанган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG