Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:45

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткарууга киришет


Алмаз Мамбетов.
Алмаз Мамбетов.

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткарууга 2-августта киришет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Абсаттаров Оштун буга чейинки мэри Таалайбек Сарыбашев Бишкек шаарынын башчылыгына келиши мүмкүн деген сөз жүрүп жатканын бышыктап, расмий маалымат 2-августта берилерин билдирди.

Бишкек менен Ош шаарынын мэрлерин шаардык кеңештин депутаттары шайлайт.

Ош шаардык кеңеши биринчи сессиясына чогула элек. Бишкек шаардык кеңеши биринчи сессиясын өткөрүп, спикерликке Куванычбек Конгантевди шайлады.

45 жаштагы Алмаз Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри, 2019-2020-жылдары Мамлекеттик катоо кызматынын төрагасы, 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин президенттин иш башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген.

Таалайбек Сарыбашев 50 жашта. 2018-жылдан бери Ош шаарынын мэрлик кызматын аркалап келди. Ага чейин үч жыл өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, 2012-2015-жылдар аралыгында Ош облусунун Алай районунун акими болуп иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG