Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:42

Жапония Токиого жакын үч аймакка өзгөчө абал киргизди


Токио. 2021
Токио. 2021

Жапония Олимпиада оюндары өтүп жаткан Токио шаарынын айланасындагы үч аймакка өзгөчө абал киргизди. Мындай чечим коронавирус көп каттала баштагандан улам болгон.

Өзгөчө абал 29-июлда бир суткада 3300 киши коронавирус жуктуруп алгандан кийин кирди. Коронавирус жугузгандардын 17си Олимпиада оюндары менен байланышы бар адамдар.

Ушу күнгө чейин Жапония коронавирустун өтө күчөп кетишинин алдын алып келет. Токиодо Олимп оюндары башталардан мурда миңдеген спортчулардын келиши эпидемиологиялык абалды күчөтөт деп 12-июлдан тартып төртүнчү ирет өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Жапон бийлиги Олимп оюндары коронавируска чалдыккандардын өсүшүнө таасирин тийгизди деген сөздөрдү четке кагып келет. Анткен менен бир күн мурун үч спортчудан коронавирус чыкты. 1-июлдан бери Олимпиадага аккредитациядан өткөн 225 адамдан коронавирус чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG