Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:47

COVID-19: 10 адам каза болуп, 954 адамдан табылды


Бишкек. 2021
Бишкек. 2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 1-августтагы маалыматына караганда, бир суткада Кыргызстанда бул инфекциядан 10 адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2335 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 954 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.

Бишкек шаары – 582;

Чүй облусу – 87;

Жалал-Абад облусу – 73;

Баткен облусу – 58;

Ысык-Көл облусу – 58;

Ош облусу – 43;

Нарын облусу – 33;

Талас облусу – 12;

Ош шаары - 8 киши.

Өлкөдө оору жуккандардын расмий катталган саны 163 846 адамга жетти.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. Быйыл июнь-июлда андан каза болгондор жана жугузуп алгандар кайра арбыды.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG