Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:15

Токио-2020: Шаршенбеков менен Медет кызынын атаандаштары аныкталды


Жоломан Шаршенбеков күрөшүүдө. Архив.
Жоломан Шаршенбеков күрөшүүдө. Архив.

Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада 1-августта күч сынаша турган кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Айпери Медет кызынын алгачкы атаандаштары белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын олимпиадалык командасынын пресс-атташеси Кабыл Макешов билдирди.

Эки балбандын тең атаандашы - казакстандыктар.

Жоламан Шаршенбеков алгачкы күрөшүн Мейрамбек Айнагулов менен өткөрөт.

Казак балбаны Мейрамбек Айнагулов 27 жашта. Олимпиадага алгачкы ирет катышууда. Дүйнө чемпионаттарынын күмүш (2017) жана коло (2019) медаль байге ээси.

Жоламан Шаршенбеков 22 жашта. 2020-жылы дүйнө кубогунда алтын, 2018-жылы дүйнө чемпионатында күмүш байге уткан. Быйыл апрель айында Алматыда (Казакстан) өткөн лицензиялык Азия континенталдык турниринде баш байгенин ээси болуп, Олимпиадага жолдомо алган.

76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы да казакстандык Элмира Сыздыкова менен күрөшөт.

Элмира Сыздыкова 29 жашта. 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарынын коло байгесин уткан.

22 жаштагы Айпери Медет кызы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону жана эки коло байгенин ээси. 2020-жылы Азия чемпиону аталган.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG