Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:52

Президент Жапаров: убактымды куугунтукка коротпойм


Президент Садыр Жапаров
Президент Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров убактысын саясий куугунтукка коротпой турганын билдирди.

“Мен убактымды куугунтукка эмес, өнүгүүгө жана бүткүл кыргыздарды бириктирүүгө, чогултууга жумшашым керек”, - деп айтылат Жапаровдун "Фейсбуктагы" баракчасына жазылган билдирүүдө.

Садыр Жапаров иш жүзүндө бийлик башына келгенине 10 ай болду. Ал ушул жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо 79,2% добуш менен биринчи турда президент болуп шайланган.

Ал бийликке келген 2020-жылдын октябрь айынан бери мурдагы жана азыркы чиновниктерди жапырт камакка алуу болду. Камчыбек Ташиев жетектеген Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) аларга негизинен "Коррупция" жана "Мыйзамсыз баюу" беренелери менен айып тагып, бирок бир тобунун жазасы акчага айырбашталып камактан бошотулган.

Президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келген саясатчы Жеңиш Молдокматов май айында камакка алынган. Ага 2020-жылы октябрь окуяларында "башаламандык уюштурган" деген айыптар коюлууда.

Молдокматов муну саясий куугунтук катары эсептеп келет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG