Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:19

АКШнын аскерлерине жардам берген оогандыктар коопсуз жайга чыгарылууда


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ооганстанда америкалык аскерлер жана дипломаттар менен кызматташкан ооган жарандары өлкөдөн чыгарылып, коопсуз жерге жеткирилди.

Алгачкылардан болуп Ооганстандагы америкалык аскер базалары менен дипломатиялык миссияда мурда котормочу болуп иштеген оогандар АКШга үй-бүлөлөрү менен алып келинди. Алар буга чейин “Талибан” кыймылынын кол салуусунан коркуп, өлкөдөн чыгарып кетүүнүн суранып, Вашингтонго кайрылышкан.

Учуп келген бардык оогандыктар АКШнын Вирджиния штатындагы Форт-Ли аскер базасына жөнөтүлдү. Ал жактан медициналык кароодон өтүп, жаңы конушка жайгашуу үчүн тиешелүү документтери таризделет. АКШда туугандары барларга алар менен чогуу болууга уруксат берилет. Ал эми бул жакта жакындары жоктор АКШнын Мамлекеттик департаментинин качкындарды кабыл алуу программасы боюнча жайгаштырылат.

«Өнөктөштөргө баш калка» программасынын алкагында Вашингтон 2,5 миңдей ооган жаранын өлкөдөн чыгарып, коопсуздугун камсыздайт.

Аларга атайын иммиграциялык виза берилип, башка коопсуз өлкөлөргө көчүп барып, отурукташуусу үчүн гуманитардык жардам көрсөтүлөт. Вашингтон бул үчүн жалпысынан 1 млрд доллардан ашуун каражат жумшайт. Анын бюджетин АКШ Конгресси бекитиши керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG