Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:06

Олимпиада-2020: Кытай менен Жапония алдыда


Kытайлык суучул Чжан Юйфэй 200 метрге баттерфляй ыкмасында сүзүүдө биринчи орунду алды.
Kытайлык суучул Чжан Юйфэй 200 метрге баттерфляй ыкмасында сүзүүдө биринчи орунду алды.

29-июлда Токиодогу Олимпадада 17 комплект медаль ойнотулду. Орусиянын фехтование боюнча курама командасы мелдештин финалында француздарды жеңип алтынга татыды.

Кайык менен жарышууда алтынды жаңы зеландиялык айымдар Грэйс Прендергаст менен Керри Гоулер алышты. Спорттун бул түрү боюнча күмүш орустарга, коло канадалыктарга ыйгарылды.

23 жаштагы кытайлык суучул айым Чжан Юйфэй 200 метрге баттерфляй ыкмасында сүзүүдө биринчи орунду алды, ошондой эле ал 4x200 метрге эркин сүзүү жарышында да жеңишке жетти.

Жалпы эсеп боюнча 15 алтын медаль менен Кытай учурда биринчи орунда баратат, андан кийинки орунда Жапония, ал эми АКШнын капчыгында 14 алтын бар.

Борбор Азия мамлекеттеринен Өзбекстандын бир алтын, бир коло медалы бар. 19 жаштагы Улугбек Рашитов таэквондо боюнча 68 кг чейинки салмакта биринчи орунду ээлеген. Казакстан үч коло медал алды. Азырынча кошуна мамлекет жалпы рейтингде 55-орунда. Түркмөнстандык оор атлетчи Полина Гурьева күмүш медалга ээ болду. Бул көз карандысыз Түркмөнстандын тарыхындагы алгачкы олимпиадалык медал болуп калды. Тажикстан менен Кыргызстан азырынча бир да медал ала элек. Токиодогу Олимп оюндары 8-августта жыйынтыкталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG