Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:21

COVID-19: Түндүк Осетияда чектөөлөргө каршы чыккандар кесилди


Владикавказ шаарында коронавирус чектөөлөрүнө каршы чыккандар. 20-апрель, 2021-жыл. Владикавказ.
Владикавказ шаарында коронавирус чектөөлөрүнө каршы чыккандар. 20-апрель, 2021-жыл. Владикавказ.

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарынын соту былтыр апрелде Владикавказ шаарында коронавирустун алдын алуу үчүн киргизилген чектөөлөргө каршы чыккандарды соттоду. Сот каршылык билдиргендердин бири Артер Жавадянды милиция кызматкерине кол салганы үчүн күнөөлүү деп таап, 6,5 жылга эркинен ажыратты. Калган төрт киши жапырт башаламандыкка катышканы үчүн айыпталып, 4 жылдан 5 жылга чейин кесилди.

Буга чейин дагы беш адам ушундай эле айып менен эркинен ажыратылган.

2020-жылдын апрель айында Түндүк Осетиянын борбор калаасындагы Эркиндик аянтында митинг өтүп, ага 2,5 миңдей киши келген. Чогулгандар коронавирустан улам киргизилген чектөөлөргө каршы экенин айтышып, мындай аракеттердин айынан жумушсуз калганына даттанышкан. Аларды күч менен таркатуу маалында ондогон демонстранттар кармалган. 37 кишиге жапырт башаламандыкка катышуу, тартип коргоочуларга баш ийбөө жана кол салуу деген кинелер тагылган.

Каршылык акциясын социалдык тармактар аркылуу опера ырчысы Вадим Челдиев уюштурган. Ал дагы кийин кармалып, коронавирус тууралуу жалган маалыматтарды таркаткан жана милицияга кол салган деп айыпталган. Челдиев бул дооматтардын баарын четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG