Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:51

Тажик-өзбек чек арасы: жүздөгөн адам жолду ачууну суранды  


Тажикстан. Тажик-өзбек чек арасы. Фатехабад (Ойбек) өткөрмө бекети, Согду облусу. 28-июль, 2021-жыл.
Тажикстан. Тажик-өзбек чек арасы. Фатехабад (Ойбек) өткөрмө бекети, Согду облусу. 28-июль, 2021-жыл.

28-июлда Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен Фатехабад (Ойбек) өткөрмө бекетинде жүздөгөн адам чек арадан өтүү үчүн топтолду. Алар Өзбекстан аркылуу Орусияга чыгып кетүүнү көздөп, мындагы жолду ачууну суранып, эки мамлекеттин бийликтерине кайрылышты.

Кыргызстан чек араны жаап койгон соң, тажик мигранттары үчүн Өзбекстан Орусияга чыгуунун жалгыз жолу болуп калды.

Бийлик бул маселеге расмий комментарий бере элек. Бирок чогулгандарга чек ара жабык экени айтылып, андан өтүү үчүн Өзбекстандан расмий уруксат же чакыруу керек экени түшүндүрүлдү. Бул жерге чогулган тажик эмгек мигранттары Орусияга авиабилет сатылып алышканын, бирок чек арадан өтүп Өзбекстан аркылуу учуу үчүн алардан чек арачылар акча талап кылып жатканына даттанышты.

Бул тууралуу кабарлаган "Азаттыктын" тажик кызматы чек арадагы жагдайга Дүйшөмбү расмий түшүндүрмө бере электигин кошумчалады.

Тажик тургундары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Тажикстанга расмий сапарынан кийин коңшу өлкө чек арасын ачарына үмүттөнүп, өткөрмө бекеттери аркылуу Орусияга эркин чыгууга үмүттөнүп турушкан. Бирок ага карабастан эки айдан ашуун убакыттан бери тажик-өзбек чек арасы ачыла элек.

Ал эми аба каттамдары аркылуу сыртка чыгуу көпчүлүк тажик мигранттары үчүн оор маселе экени айтылды.

Кыргызстан менен мамиле бузулгандан бери буга чейин бул коңшу өлкөнүн аймагы аркылуу каттап жүргөн тажик мигранттарынын Өзбекстандын темир жана кара жол каттамдары аркылуу Орусияга сапарга чыгуу мүдөөсү ишке ашпай жатканы нааразылыкты жаратты.

Азыр Өзбекстанга Орусиянын жарандыгы бар тажик мигранттары гана чек арадан өтүүгө укугу бар. Калгандарынан уруксат же чакыруу кагазы талап кылынат.

Өзбекстан Тажикстан менен чек арасын былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу жапкан. Жолду ачып, автожол жана темир жол каттамдарын калыбына келтирүү тууралуу сөз болгону менен бул демилге ишке аша элек.

Ал эми Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда каттамдардын бардыгы бир тараптуу жабык болчу. Анда тажик жарандары Кыргызстан аркылуу гана Орусия менен Казакстанга эркин көбүнчө автожол каттамы аркылуу кирип-чыгып турушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG