Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Өзгөн: Кадыралиевдердин кылмышка шектелген эки уулу камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеванын жана мурдагы прокуратура кызматкери Канжар Кадыралиевдин жакын эки тууганы кылмышка шектүү катары эки айга камакка алынды. Бул тууралуу 28-июлда “Азаттык” радиосуна Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынын инспектору Нурпери Адуллаева билдирди.

Анын айтымында, кармалгандар өзүлөрү да жабыркаганын айткандыктан райондук ооруканада жатышкан. 27-июлда аларды милициянын убактылуу кармоочу жайына которушту:

“Шектүүлөрдүн ден соолугу калыбына келгендиктен дарыгердин уруксаты менен Өзгөн райондук ооруканасынын сынык-жараат бөлүмүнөн Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүүлөрдөн COVID-19 боюнча ПЧР анализ алынды. Анализдин жыйынтыгы чыккан соң алар Өзгөн райондук сотунун токтомунун негизинде Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторуна которулат”.

“Азаттыкка” белгилүү болгондой, шектүүлөрдүн бири, 19 жаштагы Жоомарт Санжарбеков Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 2009-жылы киши колдуу болгон Санжарбек Кадыралиевдин уулу. Экинчиси - 20 жаштагы Алтынбек Карымшаков анын бир тууганы Улан Кадыралиевдин уулу.

Окуя 18-июлга караган түнү Өзгөн районунун Жылышма жайлоосунда болгон. Алгач милицияга Кочкор-Ата айылынын 56 жаштагы тургуну кайрылган. Ал эки уулу жана күйөө баласы ур-токмокко кабылганын билдирген. Ошол эле күнү Кадыралиевдер да жабыркаганын айтып арызданышкан. Жазык кодексинин 266-беренесинин (“Ээнбаштык”) негизинде сотко чейинки териштирүү башталган. Кийин Кадыралиевдерден жабыркаганын айткан тарап оор жараат алганы соттук-медициналык экспертизада аныкталганда иш 138-беренеге (“Ден соолугуна оор зыян келтирүү”) өзгөртүлгөн.

Райондогу таанымал үй-бүлө Кадыралиевдерден кордук көргөнүн айткан тарап президентке кайрылган жана башы жарылып, бети айрылганын, чыкый сөөгү сынганын, бири сүйлөбөй калганын билдирген.

Кылмышка шектүүлөрдүн тууганы, экс депутат Ыргал Кадыралиева окуяга байланыштуу комментарий берип, эки тарап бирдей жабыркаганын, бирдей жаза алышы керектигин айткан жана тергөөгө басым жасабоого чакырган.

Кадыралиевдердин буга чейин да айылдаштары менен чыры катталган окуялар болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG