Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Олимпиадага катышчу балбан кыздар Токиого учуп кетти


 Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы
Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы

Бүгүн, 28-июлда Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Токиого Олимпиада оюндарына жөнөп кетти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, мелдештерге Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы катышат. Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев спортчуларды коштоп кетти.

1-августта Айпери Медет кызы, 2- августта Мээрим Жуманазарова, жана 3-август күнү Айсулуу Тыныбекова күрөшөт.

Токиодо олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Буга чейин мамлекет Олимп оюндарында алтын медал уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга ээ болсо 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG