Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:19

28-июлдун аба ырайы


Сары-Челек.
Сары-Челек.

28-июлда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган жерлерде жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 21...23, күндүз 34…36;

Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Нарын облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23, күндүз 34…36 градус ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 27…29 градуска чейин жогорулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG