Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Бишкекте француз-немис маданий институтун түзүү пландалууда


Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси М.Иверсенди жана Франциянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Ф. Дэлаус.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси М.Иверсенди жана Франциянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Ф. Дэлаус.

25-июлда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси М.Иверсенди жана Франциянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ф. Дэлаус менен жолугуп, Бишкекте жаңы француз-немец маданият институтун түзүү маселесин талкуулады.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиялардын башчылары кыргыз тарапка француз-немис маданият институтунун максаттары жана ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат беришкен. Бул институтта баштапкы этапта тил курстарын(немис жана француз тилдери) ачуу пландаштырылып жаткандыгы, андан кийин ар кандай маданий иш-чаралар өткөрүлө тургандыгы белгиленген.

Маалыматта Борбордук Азия чөлкөмүндө мындай институт Кыргызстанда гана түзүлүп, дүйнөдө төртүнчү маданий институт болору жазылган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG