Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:43

Кырктан ашык ооган жоокери Пакистанга кире качты


Тажикстандын аймагына качып, кирип келген ооган жоокерлери.
Тажикстандын аймагына качып, кирип келген ооган жоокерлери.

Өкмөттүк күчтөр менен «Талибан» кыймылынын жоочуларынын ортосунда 26-июлдагы салгылашта оогандык 46 аскер Пакистандын аймагына кире качкан. Бул тууралуу Пакистандын аскер жетекчилиги билдирди.

Ооган аскерлери Пакистандын түндүгүндөгү Читрал чек ара көзөмөл өткөрмө бекетине жакын жерге жашырынган. Алардын арасында беш офицер дагы бар экени кабарланды.

Читрал аймагы Кунар, Бадахшан жана Нуристан чөлкөмү менен чектешет.

Буга чейин жүздөгөн аскерлер Тажикстандын аймагына өтүп, баш калка сураганын «Озоди» радиосу маалымдаган.

Пакистандын аскер жетекчилиги бардык эрежелер аткарылган соң, ооган аскерлери Ооганстанга кайтарыларын билдирди.

Бул окуя Исламабад менен Кабулдун мамилеси курчуп турган маалга туура келди. Бир нече жума мурун Кабул Пакистандагы дипломатиялык өкүлүн чакыртып алган.

Ооганстандын өкмөтү Пакистандын расмий бийлиги талибдерге көмүскө колдоо көрсөтөт деп айыптап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG