Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Ош: БШК "Биздин Кыргызстан" партиясын шайлоодон алып салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-июлдагы отурумунда Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышкан "Биздин Кыргызстан" саясий партиясына берилген добуштарды жараксыз деп таап, партияны шайлоодон четтетти.

Арыздарды караган жумушчу топ партияны тизмеден чыгарууга талапкерлердин добуш сатып алууга аралашканы себеп болгонун билдирди. Мындан сырткары жумушчу топ Ош шаардык кеңешине болгон шайлоону "Биздин Кыргызстан" партиясынын тизмеден чыкканын эске алуу менен өттү деп тааныды.

"Биздин Кыргызстан" партиясын ишкер Нурбек Осмонов шайлоо алдында негиздеген. Анын бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Боршайкомдун чечимин адилетсиздик деп сыпаттап, сотко кайрыла турганын "Фейсбук" баракчасына жазды.

"Кыргыз Республикасынын мыйзамы жеке эле “Биздин Кыргызстан” партиясына гана иштейби? Бул кандай адилетсиздик! Эмне үчүн далилсиз эле мындай кадамга барышат? Өткөндө ушул боюнча билдирүү жазган элем… Эми калайык калкка деле кашкайып чындык көрүнүп турбайбы. Бул эмне деген шумдук! Эми биз сотко кайрылууга мажбурбуз. Эгер биздин мыйзамдуу өлкөдө жашап жатканыбыз анык болсо, адилеттүү чечим чыгарып берет деп ишенем! Дагы кайталап кетейин, мыйзам баарыбызга бирдей иштесин",- деп жазды эл өкүлү.

Буга чейин Аймактык шайлоо комиссясы кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүүгө жөнөткөн.

Ага ылайык мандаттар төмөндөгүчө бөлүштүрүлмөк: “Ата-Журт Кыргызстан” – 19, “Биздин Кыргызстан” – 15, “Улуттар Биримдиги” – 7, “Бир Бол” – 4.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Бишкек, Ош, Токмок шаарларында мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып 11-июлда кайра шайлоо өттү. Жергиликтүү кеңештер 4 жылдык мөөнөткө шайланат. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG