Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:03

Баткен: чек арадагы курулуштан нааразылык чыкты


Көк-Таш айылы
Көк-Таш айылы

26-июлда кечке жуук Баткен районунун Көк-Таш айылында Ички иштер министрлигинин аскерлери жайгашкан имараттын тосмосун оңдоо иштери башталган учурда тажик тарап нааразылык билдирген. Тажик тарап дагы өз аймагында курулуш иштерин баштоого аракеттенип кум-шагал алып келген.

Баткен районунун акими Учкун Жоробаев чек арада Кыргызстан тарапта он чакты тургун топтолуп турганын, абалды көзөмөлдөө үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жерине чыгып кеткенин “Азаттык” радиосуна билдирди. Акимдин айтымында, чек арада күч кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, абалдын курчуп кетишине жол бербөө үчүн аракет көрүп жатышат.

23-июлда Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Чорку айылынын ортосундагы Кум-Мазар деген жерде Тажикстан жарандары ишембилик баштап, эки тараптан ок атылган болчу. Ал окуя боюнча эки мамлекеттин бийлик өкүлдөрү жолугуп, аталган участокко эки тараптан тең чек арачылар да, жай тургундар да кирбей турууга макулдашкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда тактала элек чек арага 300 метрге чейинки аралыкта курулуш иштерин жүргүзбөө келишими бар. Эки мамлекеттин чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG