Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:07

ЖК комитети 33 млн. евро насыяга автобус алуу келишимин жактырды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстан Бишкек шаарына жаратылыш газы менен жүрүүчү автобустарды сатып алуу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) насыя алып жатат.

Министрлер кабинети менен ЕРӨБдүн ортосунда түзүлгөн келишим Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде колдоо тапты.

Долбоордун жалпы наркы 33 млн. евро. Анын 25 млн евросу насыя, 8 млн. евро гранттык жардам. 1,7 млн. евро техникалык жардам катары бекер берилет. Насыя 1% менен 12 жылга берилет. Анын 3 жылы жеңилдетилген мөөнөт.

Бишкек шаарынын вице-мэри Максат Сазыкуловдун айтымында, насыяга Европада жасалган, жаратылыш газы менен жүрүүчү 250дөн 350гө чейин автобус сатып алуу пландалууда.

Жогорку Кеңеш келишимди ратификациядан өткөрүүнү сентябрда карайт.

Сазыкуловдун айтымында, Бишкектин балансында 470 автобус бар, бирок анын 140ы гана жүрөт. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG