Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:32

Лейлекте аял депутаттар үчүн окуу уюштурулду


Лейлектин Ак-Суу, Сумбула айылдарынын аял депутаттары.
Лейлектин Ак-Суу, Сумбула айылдарынын аял депутаттары.

Баткен облусунун Лейлек районунда жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары үчүн "Элеттик аялдардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга катышуусун күчөтүү" деп аталган тренинг жыйынтыкталды.

24-25-июль күндөрү Ак-Суу жана Сумбула айылдарында өткөрүлгөн иш-чараны "Активист" коомдук бирикмеси USAIDдин "Жигердүү жарандар" долбоорунун алкагында уюштурду.

Уюштуруучулардын айтымында, депутат кыз-келиндердин активдүүлүгүн арттыруу, чечимдерди кабыл алууга активдүү катыштыруу маселелери айтылып, алардын укуктары, милдеттери тууралуу кеңири маалымат берилди. Мыйзамдык ченемдер жана гендердик маселелер боюнча суроо-жооптор болду.

Кыргызстанда соңку шайлоолордон кийин айылдык кеңешке жетекчи болгон аялдар кыйла көбөйгөнүн 15-июнда БШК билдирген. 43 айылдык кеңешке аялдар төрайым болушканы, буга чейинки шайлоодо 18 болгону айтылган.

Айылдык кеңештерде аялдарга 30% квота каралган мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Мындай эреже быйыл 11-апрелде жергиликтүү шайлоодо алгачкы ирет колдонулду.

Айрым аймактарда кыз-келиндер жергиликтүү кеңешке квота менен шайланып келгенине байланыштуу нааразылык чыккан жана мындан улам Боршайком аял депутаттарга бут тоспоого чакырган.

Лейлек району - борбордон эң алыс жайгашкан аймактардын бири. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG