Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Токио-2020: суучул Денис Петрашов 27-орунду ээледи


Суучул Денис Петрашов
Суучул Денис Петрашов

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында сууда сүзүүнүн брасс стилинде 100 метрге жарышка чыгып, өз бөлүгүндө үчүнчү орунду ээледи. Ошондой эле, өзүнүн көрсөткүчүн жаңылады.

Квалификациялык жарышка 49 спортчу катышып, алар өз ара жети топко бөлүнгөн. Эң мыкты жыйынтык көрсөткөн 16 спортчу финалдык бөлүккө жолдомо алды.

Ал эми кыргызстандык Денис Петрашов бул жарышта 1 мүнөт 00.23 секундада келип 27-орунду ээледи.

Эми Петрашов 26-июлда 200 метр аралыкка брасс стилинде жарышка чыгат.

Бүгүн, 24-июлда Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште 612,8 упай менен 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээледи.

Токио Олимпиада оюндары 23-июлда расмий ачылды. Ага Кыргызстандан 16 спортчу катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн беш, грек-рим күрөш боюнча төрт, жеңил атлетикадан эки, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу жолдомо алган. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG