Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

ИИМ айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырды


Бишкек-Ысык-Көл автожолу. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек-Ысык-Көл автожолу. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министлиги соңку учурдагы жол кырсыктарынын көп болуп жатканына тынчсыздануусун билдирип, айдоочуларды эрежелерди так сактоого чакырды. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, акыркы мезгилде адам өмүрүн алган кырсыктардын көпчүлүгүндө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден токтоо, кесилиштерден кезекти сактоо эрежелери сакталбай, каршы тилкеге өтүү, мас абалында айдоо себеп болуп жатат.

Милиция автоунааны жогорку ылдамдыкта айдоо кырсыктын негизги себеби экенин белгилейт.

Акыры 15 күндүн ичинде үрөй учурган авто кырсыктар катталды. 22-июль күнү кечинде Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда эки машина кагышып алты киши мүрт кетти. Эки адам ооруканада. 21-июлда Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Ананьева-Каракол автожолунда авариядан беш киши каза болуп, дагы бешөө жаракат алган. 10-июлда да Ош облусунун Алай районунда жана Бишкек-Ош автоунаа жолунда болгон эки кырсыктан төрт адам өлгөн.

23-июлда президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) мас айдоочуларды аныктоо үчүн текшерүүнү күчөтүүнү жана айрыкча Ысык-Көлгө кошумча күч тартууну тапшырды.

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда 2021-жылдын алгачкы алты айында 3400дөй жол кырсыгы катталып, андан 329 киши каза болду. Дагы 5000 адам жаракат алды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG