Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:15

Чалгын башкармалыгы табышмактуу оорунун себебин иликтейт


Уильям Бернс. АКШнын Борбордук чалгын кызматынын башчысы.
Уильям Бернс. АКШнын Борбордук чалгын кызматынын башчысы.

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын жетекчиси Уильям Бернс чет өлкөдөгү элчиликтерде иштеген америкалык дипломаттардын "Гавана синдрому" аттуу табышмактуу оорусунун себептерин аныктоо иштери күчөтүлгөнүн билдирди.

Бул илдет баш оору, көңүл айнуу жана эс тутумдун жоголушу сыяктуу белгилер менен коштолот. Ал "Гавана синдрому" деген ат менен алгачкы жолу 2016-жылы АКШнын Кубадагы элчилигинде иштеген 10 дипломаттан аныкталган.

Ошондон бери АКШнын Кытайдагы, Орусиядагы, Европадагы жана Борбор Азиядагы элчиликтеринде иштеген дипломаттарда дагы бул табышмактуу оорунун белгилери байкалган.

Өткөн аптада Байдендин администрациясы Венада иштеген чалгын кызматынын офицерлери, дипломаттар жана башка кызмат адамдары оорунун симптомдоруна даттанган жагдай иликтенерин жарыялаган.

Ал эми Борбордук чалгын башкармалыгынын башчысы Бернс өз билдирүүсүндө илдет атайылап жуктурулган болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Чалгы башкармалыгынын жетекчиси ишти "Аль-Каиданын" лидери Усама бен Ладенди издеп табуу боюнча операцияны жетектеген жогорку даражалуу офицер иликтей турганы маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG