Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:46

COVID-19: он адам көз жумду, вирус 1127 кишиден аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 23-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 10 бейтап көз жумду. Бишкекте беш, Чүй, Талас облустарында экиден, Жалал-Абадда бир киши каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 227 адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 127 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 678 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 155 005 адамга жетти. Андан 132 138 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

Ушул күндөрү 4 229 адам ооруканада дарыланууда. Алардын ичинен 243 бейтаптын абалы өтө оор, 1 186 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келатышат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 28 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Ушуну менен жалпы 6 295 медкызматкерге COVID-19 жукту. Анын 5 533ү сакайды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG