Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:21

Чехия: Донбасста согушкан Алексей Фадеев 21 жылга кесилди


Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн жер. Июнь, 2014-жыл.
Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн жер. Июнь, 2014-жыл.

Чехиянын Апелляциялык соту 41 жаштагы белорус тектүү Алексей Фадеевди Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер тарабында согушка катышканы үчүн 21 жылга эркинен ажыратты. Ал терроризмге айыптуу деп табылды.

Бул тууралуу Чехиянын Novinky.cz. маалымат агенттиги кабарлады.

Алексей Фадеев көп жылдан бери Чехиянын баш калаасы Прагада жашайт.

Тергөөнүн маалыматы боюнча ал 2014-жылдын октябрь айынан 2016-жылдын май айына чейин Донбасска бир нече ирет барган. Жикчилдерди колдоо боюнча бейформал куралдуу түзүмдөр менен кызматташып, алардын куралдуу топторунун биринде кызмат өтөгөн.

Украинанын армиясына каршы согушкан Алексей Фадеевге Чехиянын укук коргоо органдары "чет өлкөлөрдө жалданма куралдуу топторду түзүү" жана "террордук иштер менен алектенүү" беренелеринин негизинде туура беш жыл өткөндөн кийин кармап, кылмыш ишин козгогон.

Биринчи инстанциядагы сот башында аны 4,5 жылга соттогон болчу.

Анда судья Фадеев түздөн-түз согуштук аракеттерге катышпай, "жикчилдерге үстүртөн жардам берген" деген жыйынтыкка келген. Бирок прокуратура анын согушка катышканын ырастаган башка далилдер бар экенин жүйө келтирип, соттун чечимине даттанган.

Адвокаттар Фадеевден бардык айыптоолорду алып салууну талап кылып, “ал Украинага согушуу үчүн эмес, андагы тынч калкты коргоого барган” деген жүйө келтирген болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG