Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Pegasus тыңчылык программасынын тизмесинде Кыргызстан да болгон 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы байланыш операторлору Pegasus тыңчылык программасынын тизмесинде бар. Тийиштүү маалыматтар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине берилгенин санарип министри Дастан Догоев 22-июлда парламенттеги жыйында айтты.

Pegasus боюнча маселени депутат Абдывахап Нурбаев көтөрүп, Кыргызстандагы аткаминерлер тыңшоого алынган же алынбаганына кызыкты.

Догоев бул иш менен атайын кызмат алектенерин айтып, толук жооп бере албай турганын билдирди.

Чалгын кызматтары үчүн чыгарылган Pegasus программасы израилдик NSO Group компаниясына таандык.

Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү борбору (OCCRP) Pegasus тыңчылык программасынын жардамы аркылуу тыңшоо мүмкүн болгон бир катар мамлекеттердин башчыларынын жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин ысымдарын ачыкка чыгарды.

Анда Франциянын, Мексиканын, ТАРдын, Ирактын президенттери, Марокконун королу, Пакистан менен Египеттин премьер-министрлери жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы 2016-жылдан бери өздөрүнүн смартфондоруна киргизилген вирус аркылуу тымызын аңдууга кабылганы айтылат.

Жалпысынан дүйнөдөгү 34 мамлекеттеги 600дөн ашуун аткаминер жана жогорку кызмат адамы тыңшалганы белгиленди.

Тизмеде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, премьер-министр Аскар Мамин жана Алматынын акими Бакытжан Сагинтаев да бар экени аныкталган. OCCRP тараткан маалыматта Касым-Жомарт Токаев менен Аскар Маминди тыңшоону алардын өздөрүнүн өлкөсү жүргүзгөн болушу мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

Pegasus программалык камсыздоосу телефон сүйлөшүүлөрдү, смс-билдирүүлөрдү жаздырып алып, уюлдук телефондо тартылып сакталган видео жана сүрөттөрдү көчүрүп, GPS аркылуу колдонуучунун кайда жүргөнүн жашыруун билип турганы аныкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG