Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Чек ара: Тажикстан армиясынын даярдыгын текшерип жатат


Дүйшөмбү бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы алгачкы кеңири машыгуу экенин билдирди.
Дүйшөмбү бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы алгачкы кеңири машыгуу экенин билдирди.

Тажикстанда 22-июлда Ооганстандагы соңку кырдаалдан улам армиянын күжүрмөн даярдыгын текшерүү үчүн бир күндүк калайман машыгуу башталды.

Жергиликтүү басылмалар бейшембиде таң эрте башталган "Чек ара-2021" деп аталган машыгууга өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндөгү 100 миңден ашык аскер жана 130 миңдей резервдеги жоокер катышып, ондогон аскердик техника колдонулуп жатканын жазды.

Президент Эмомали Рахмон Улуттук Гвардияга барып, аскердик парадды кабыл алды. Рахмон анда тажик армиясы "эч качан коңшуларга каршы колдонулбай" турганын айтты.

Дүйшөмбү бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы алгачкы кеңири машыгуу экенин билдирди.

Тажикстан эмки айдын башында Ооганстан менен чек арасына жакын аймакта Орусия жана Өзбекстан менен бирге аскердик машыгуу өткөргөнү жатат.

Соңку күндөрү ооган-тажик чек арасына жакын тилкелерде “Талибан” менен өкмөттүк күчтөр кагылышкан учурлар көбөйдү. Мындан улам миңдей ооган жоокери Тажикстандын аймагына кире качты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG