Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Президент депутаттар менен бир мандаттуу шайлоо маселесин талкуулады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров 21-июлда депутаттарды чакырып, "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзам долбоорун талкуулады. Ага парламент спикери жана шайлоо мыйзамын даярдаган топ катышканын депутат Сайдулла Нышанов “Азаттыкка” билдирди.

"Кээ бирлер 90у тең бир мандаттуудан болсун десе, айрымдары баары партиялык тизме менен, бирок добушту даректүү кылып, талапкердин фамилиясына берүү аркылуу шайланганы туура болорун айтышты. Президент убагында эл партиялык тизмеден тажагандыктан, бир мандаттуу округ сөзсүз болушун суранганын айтып, “ошондуктан 35ин же 45ин өзүңөр чечкиле, сүйлөшүп кабыл аласыңар да” деди. Калганын партиялык тизме менен, эгер мүмкүнчүлүк болсо, канча каражат кетерин Борбордук шайлоо комиссиясынын адистери менен да такташып, фамилия боюнча бериле тургандай кылып кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылды. Мыйзам долбоорун эртең (22-июлда) биринчи окууда кабыл алабыз жана экинчи окууда оңдойбуз",​ - деген Нышанов бул жыйын Садыр Жапаровдун демилгеси менен уюштурулганын айтты.

Президенттин басма сөз кызматы Жапаров депутаттар менен өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер тууралуу пикир алмашарын билдирген. Жолугушуудан кийин расмий кабар бериле элек.

"Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзам долбоору өткөн аптада бир катар талаш-талкуу, сын-дооматтан улам добушка коюлбай калган.

Мыйзам долбоорун мамлекет башчысы Садыр Жапаров сунуштаган. Ага ылайык, 55 депутат партиялык тизме, 35 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Бир мандаттуу округдардан шайлоо үчүн Кыргызстан 103 миң шайлоочудан 35 округга бөлүнөт.

Кыргызстанда бир мандаттуу округдардан шайлоо акыркы жолу 2005-жылы өткөн. Ал шайлоонун жыйынтыгы 24-марттагы Жоогазын революциясы менен аяктаган.

Жаңыртылган Конституцияга ылайык, парламент депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылмай болгон. (SE\RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG