Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Максатта чек ара жаңжалында кыйраган мектеп 1-сентябрда ачылат


Максатта чек арадагы куралдуу жаңжалда кыйраган мектеп.
Максатта чек арадагы куралдуу жаңжалда кыйраган мектеп.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 21-июлда эки күндүк сапар менен Баткенге барды. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган Максат айылында жергиликтүү тургундар менен жолугуп, кыйраган турак-жайларды калыбына келтирүү иштери менен таанышты.

"Финансылык маселелер чечилген. Каражат бөлүнгөн. Объектилердин куруу менен катар айылдагы инфраструктураны жакшыртуу, негизги көчөлөрдү асфальтташтыруу жана жарыктандыруу зарыл. Мектепти калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөн. Мектеп 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр",- деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Максатта фельдшердик-акушердик пункттун курулушу аяктап калды, милициянын аймактык бөлүмүнүн имараты толук оңдолду. Ушул тушта 100 орунга эсептелген "Сейтек" бала бакчасынын 70% курулду. Учурда аталган айылда он үй толук курулуп бүтүп, дагы 40 тамдын курулушу теңинен жогорулап калды. Максатта жалпысынан 83 турак-жай салынат.

Марипов ошондой эле Лейлектеги Кулунду менен Сада айылдарында болду.

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген.

Бул окуяда Баткенде 136 үй, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган. Жарактан чыккан үйлөр Түркиянын жана жергиликтүү ишкерлердин жардамы менен курулууда.

Тажикстандын Согд облусунда 14 турак-жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG