Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:17

Олимпиаданын 1894-жылы бекитилген урааны өзгөртүлдү


Швециялык атлеттин колуна тартылган, латынча 'Citius, Altius, Fortius!' – "Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк!" деген жазуу.
Швециялык атлеттин колуна тартылган, латынча 'Citius, Altius, Fortius!' – "Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк!" деген жазуу.

Олимпиаданын "Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк!" деп аталган урааны 127 жылдан бери алгач ирет өзгөртүлдү.

Жаңы ураан "Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк - бирге" деп аталат. Бул өзгөртүүнү Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах демилгелеп, Токиодогу сессияда колдоо тапты. Бахтын айтымында, "бирге" деген сөз дүйнө жүзүндө тилектештиктин зарылдыгын билдирет.

Мурдагы ураан 1894-жылы, Афинадагы алгачкы заманбап Олимп оюндарынан эки жыл мурун бекитилген. Автору - доминикандык дин кызматчысы Анри Дидон болгон.

Токиодогу быйылкы жайкы Олимпиада 23-июлда расмий башталып, 8-августта аяктайт. Төрт жылда бир уюштурулуп келаткан эл аралык мелдеш 2020-жылы коронавирустан улам өтпөй калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG