Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Кара-Дарыяда алты жаштагы кызды сел агызып кетти


Кара-Дарыя айыл аймагындагы Чаңгыр-Таш айылы. 21-июль, 2021-жыл.
Кара-Дарыя айыл аймагындагы Чаңгыр-Таш айылы. 21-июль, 2021-жыл.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда алты жаштагы кызды 20-июлда сел агызып кетти. Анын сөөгү түн жарымда табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси Абдулнасир Закиров билдирди.

20-июлда кечке жуук Кара-Дарыя айыл аймагында жаап өткөн жамгырдан кийин кокту-колоттон сел келген. Социалдык желеге Кара-Дарыянын суусу ташкындап, жергиликтүүлөр жардам сурап жатканы тартылган видео тарады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу жеринде иштеп жатат.

Ушул күнү Аксы районунун Авлетим айыл аймагындагы бир нече турак үйлөрдүн короолорун да суу каптады. Кадамжай жана Араван райондорунун тургундары сел жүргөнү тартылган видеолорду интернетке чыгарышты.

19-июлда Баткен облусунда сел жүрүп, Лейлекте 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган. 12-июлда Аксы районунда сегиз кишини сел агызып кеткен. (SE\TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG