Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Дүйнөдөгү эң бай адам космоско учту


Жефф Безос космоско учуп барып келген капсуладан чыгып келе жаткан учур. 20-июль, 2021-жыл.
Жефф Безос космоско учуп барып келген капсуладан чыгып келе жаткан учур. 20-июль, 2021-жыл.

Дүйнөдөгү эң бай адам, америкалык миллиардер Жефф Безос космосту багындырды. 20-июлда аны менен кошо дагы үч киши New Shepars кемеси менен космостун четине жетип, бир нече мүнөттөн кийин кайра жерге кайтып келишти. Безостун бул долбоору эмне үчүн маанилүү?

Amazon жана Blue Origin компанияларынын негиздөөчүсү, миллиардер Жефф Безос акыры кыялын ишке ашырды. Ал 20-июлда иниси Марк Безос, 82 жаштагы америкалык алгачкы аял авиаторлордун бири Уолли Фанк жана 18 жаштагы Оливер Деймен менен космоско учуп барып келди.

Аларды Blue Origin компаниясы жасап чыккан New Shepard кемеси "космостун чеги" деп мүнөздөлгөн Карман тилкесине алып чыкты. Бул тилке деңиз деңгээлинен 100 чакырым бийиктикте жайгашкан.

АКШ Техас штатындагы Ван Хорн шаарчасына жакын жерден учуп чыккан New Shepard ракеталык кемесинин жерден эң бийик көтөрүлгөн чеги 106 чакырым болду. Экипаждын жалпы сапары 10 мүнөт 20 секундга созулду.

Жүргүнчүлөр космостук кеменин ичинде 3-4 мүнөттөй калкыган абалды сезе алышты. Андан соң астронавттар отурган капсула Техастагы чөлгө ийгиликтүү конду.

Экипаж учуп баратканда Уолли Фанктын "бул жер караңгы экен" дегени, жерге конгондон кийин Безостун "бүгүн эң мыкты күн" деп айтканы угулуп турду.

"New Shepard" кемеси учуп бараткан учур, 20-июль 2021-жыл.
"New Shepard" кемеси учуп бараткан учур, 20-июль 2021-жыл.

Бул сапардын алдында Безос космоско эмне үчүн учкусу келерин түшүндүрүп берген эле.

"Космоско биринчи жолу чыккан бир эле адам бар. Анын аты Юрий Гагарин. Бул көп жылдар мурун болгон. Мен балким космоско чыккан 570-же канчанчы бир астронавт болсом керек. Андыктан бул атаандаштык эмес. Бул келечек муун керемет нерселерди жүзөгө ашырышы үчүн космоско жол чабуу", - деп айткан Безос.

Космос туризми башталдыбы?

Безос Blue Origin компаниясынын биринчи космостук сапарына өзү менен кошо иниси Маркты жана Уолли Фанкты алууну чечкен. Фанк 1960-жылдары космоско учууну көздөгөн "Меркурий-13" деген аялдардан турган топтун мүчөсү болгон. Алар космоско учуу үчүн көп даярдыктан өткөнү менен аял болгону үчүн эле уча албай калышкан.

Космостук кемедеги төртүнчү орун аукциондо 28 миллион долларга сатылган. Бул аукционго 140тан ашык өлкөдөн алты миңдей киши катышкан. Билетти сатып алган белгисиз адам космостук сапар иш жадыбалына туура келбей калганы үчүн учуудан баш тарткан.

82 жаштагы америкалык алгачкы аял авиаторлордун бири Уолли Фанк.
82 жаштагы америкалык алгачкы аял авиаторлордун бири Уолли Фанк.

Натыйжада анын ордун голландиялык ишкер, Somerset Capital Partners аттуу инвестициялык фирманын башчысы Жос Деймендин уулу 18 жаштагы Оливер Деймен ээледи. Жос Деймен Blue Origin компаниясынын экинчи сапары менен өзү космоско учууну пландап, акчасын төлөп койгон. Кийинчерээк билетин өз уулуна берүүнү чечкен.

Жефф Безос Blue Origin компаниясын 2000-жылы түптөп, андан бери космос туризмин жүзөгө ашырууну пландап келет. Эми компания космоско учуп барып келүүнү каалагандарга билеттерди сата баштайт. Бирок бир билеттин баасы канча болору так айтыла элек.

Blue Origin компаниясынын сатуу иштери боюнча директору Ариане Корнелл космоско учууну каалаган кардарлар көп экенин билдирди.

"Биз 2021-жылы дагы эки каттам уюштуралы деп жатабыз. Натыйжада быйыл жалпысынан үч каттам болот. Бирок келечекте көп каттамдар уюштурулат. Бизде ага кызыккан кардарлардын бекем кезеги түзүлдү", - деп билдирген Ариане Корнелл

Безостун бул сапарынан тогуз күн мурда британиялык миллиардер, бизнесмен Ричард Брэнсон өзүнүн Virgin Galactic компаниясы курган аппарат менен космостун четине учуп барып келген. Анын компаниясы дагы эки жолу пилоттук каттамдарды уюштургандан кийин 2022-жылдан тарта коммерциялык каттамдарды ишке ашырууну пландап жатат. Virgin Galactic кеминде 600 билет сатылганын жарыялаган. Бир билеттин баасы 200-250 миң доллар турат.

Ричард Брэнсондун учуучу аппараты жерден эң алыстаган учур. 11-июль, 2021-жыл.
Ричард Брэнсондун учуучу аппараты жерден эң алыстаган учур. 11-июль, 2021-жыл.

Эми Безостун космосту багындырышы менен адистер миллиардерлердин арасында космос туризми үчүн жарыш башталганын белгилеп жатышат. Бирок социалдык тармактарда ааламдагы эң бай адамдардын аракетин сындагандар да аз эмес. Алар бизнесмендерди акчасын климаттын өзгөрүүсү сыяктуу дагы олуттуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонууга чакырып жатышат.

Безостун байлыгы жана таржымалы

57 жаштагы Жефф Безос Blue Origin компаниясынан мурда, 1994-жылы негизинен электрондук соодага ыңгайлашкан Amazon компаниясын түптөгөн.

Ал Forbes журналынын ааламдагы эң бай адамдардын тизмесинде бир нече жылдан бери башкы саптан түшпөй келет. Байлыгы 2020-жылы пандемияга карабастан 64 миллиард долларга көбөйгөн. Учурда америкалык бизнесмендин жалпы байлыгы 200 миллиард доллардан ашат. Анын байлыгынын артышына Amazon компаниясынын акцияларынын өскөнү себеп болууда. Безос быйыл 5-июлдан тарта бул компаниянын жетекчилик кызматынан кеткен.

Ал 2019-жылы төрт баланы чогуу тарбиялаган жубайы Маккензи Скотт менен ажырашкан. Ажырашуу жана мүлк бөлүштүрүүнүн натыйжасында Скотт дүйнөдөгү миллиардер айымдардын катарына кошулган.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG