Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:48

Октябрга чейин жарык маал-маалы менен өчүрүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Электр энергиясы тармагындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Кыргызстанда октябрга чейин жарык өчүрүлүп турат. Бул тууралуу "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жетекчисинин орун басары Замирбек Хожамамбетов 20-июлда "Биринчи радионун" эфиринен айтты. Ал муну күз-кыш мезгилине карата даярдык деп түшүндүрдү.

Май айында "Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" ишканасы элге кайрылып, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган. Анда 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгили электр тармагындагы дефициттен улам катаал болору айтылган.

Токтогул суу сактагычында жылдагыдан суу азайып, июлда 11 миллиард кубметрден жогорулай баштаган.

Кыргызстан жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Өлкө өзүн электр жарыгы менен камсыздай албай калган жылдары Казакстан менен Өзбекстандан сатып алат. 2021-жылы электр энергиясынын таңкыстыгы 3 млрд. кВт саат деп эсептелип, кошуна өлкөлөрдөн алына баштаган.

Бийлик электр энергиясынын баасын көтөрүүнү демилге кылып, кайра токтоткон.

Кыргызстандын калкын жарык менен төрт ишкана тейлейт:

  • "Түндүкэлектр" - Чүй, Талас облустары жана Бишкек шаары;
  • "Чыгышэлекто» - Ысык-Көл жана Нарын облустары;
  • "Ошэлектр" - Ош, Баткен облустары жана Ош шаары;
  • "Жалалабатэлектр" - Жалал-Абад облусу. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG