Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:23

Журналист Павел Шереметтин өлтүрүлгөнүнө беш жыл толду


Киевде беш жыл мурун өлтүрүлгөн журналист Павел Шеремет эскерилди. Журналисттин автоунаасы жардырылган жерге коюлган эстеликке жакындары, кесиптештерди келип гүл коюшту.

2016-жылдын 20-июлда Шереметтин машинеси жардырылып, өзү мерт кеткен.

Андан бери бул кылмыштын жагдайлары белгисиз болуп келет. Шереметти өлтүрүүгө ким буйрук бергени да аныктала элек.

2019-жылы шектүү катары үч адам кармалганы кабарланган. Шектүү музыкант Андрей Антоненко, кардиохирург Юлия Кузьменко жана медайым Яна Дугарь күнөөсүз экенин айтып келишет.

Шереметтин жакындары, кесиптештери бул кылмыштын толук жагдайлары ачылганынан шек санашат.

Беларустук оппозициячыл журналист Павел Шеремет көп жылдар бою Орусияда иштеген. Кийин орус бийлигинин жүргүзгөн саясатына макул болбой, Украинага көчүп “Украинская правда” басылмасында эмгектенип жүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG