Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:00

ТИМ оогандык кыргыздарга байланыштуу комментарий берди


Ооганстандык кыргыздар. Архивдик сүрөт.
Ооганстандык кыргыздар. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын памирлик кыргыздарды Ооганстанга кайтарганына байланыштуу 19-июлдун кечинде “Азаттыкка” комментарий берди. Анда Министрликтин Маалымат департаментинин директору Нурлан Суеркулов Кыргызстан ооган кыргыздарына байланыштуу Тажикстанга бир нече жолу өтүнүчүн жолдогонун, бирок мындай расмий кайрылуулар жоопсуз калып жатканын билдирди.

Анын айтымында, 16-июлда кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде Тажикстандын Бишкектеги элчиси менен жолугушуу болгон. Анын жүрүшүндө Кыргызстан бардык оогандык кыргыздарды кабыл алууга даярдыгын тажик тарапка дагы бир жолу билдирген. Ошондой эле гуманитардык акция катары жана гуманизм принциптерин жетекчиликке алуу менен алардын Тажикстандан Кыргызстанга келишине көмөктөшүү өтүнүчү келтирилген.

"Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысына ал өтүнүч берилген эле. Анда кыргыз тарап этникалык кыргыздарды эвакуациялоо маселелерин иштеп чыгуу үчүн аларга кыргыз адистеринин барышына жол берүүнү өтүнгөн. Ошону менен бирге кыргыз тараптын расмий кайрылуусу жоопсуз калып жатканын белгилөө керек. Качкындар, алардын Ооганстанга кайтарылышы жана аларга болгон коопсуздуктун кепилдиктери жөнүндө маалыматтар да расмий түрдө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине келип түшкөн жок”, - деп билдирди Суеркулов.

Маалыматка ылайык, 13-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги оогандык кыргыздардын кыргыз-тажик чек арасынын өткөрмө пунктуна чейин тоскоолдук келишине көмөк көрсөтүү өтүнүчү камтылган нотаны Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине жөнөткөн. Аны улай кыргыз тараптын кооптонуусу жана тиешелүү өтүнүчтөрү Душанбе жана Ташкент шаарларындагы 14-16-июль күндөрү болгон тышкы саясий иш-чаралардын жүрүшүндө да айтылган. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар иштери боюнча агенттигинин регионалдык өкүлчүлүгүнө да тиешелүү өтүнүч жөнөтүлгөн.

Коңшу өлкөнүн "Ховар" жаңылыктар агенттиги жекшемби күнү жазгандай, оогандык талибдерден кооптонуп, Тажикстанга кире качкан 345 этникалык кыргыз мал-жандыгы менен 17-18-июль күндөрү кайра өздөрү туруктуу жашаган Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Андемин айылына кайтарылган. Тажик бийлиги ооган өкмөтү памирлик кыргыздардын жеке коопсуздугуна кепилдик бергенин маалымдаган. Расмий Душанбе Кыргызстандын ооган кыргыздары тууралуу өтүнүчүнө кандай жооп кайтарганын билдире элек.

Тажикстанга качкан ооган кыргыздары артка кайтарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG