Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:36

Курман айт чектөөлөр менен белгилене баштады


2020-жылдагы Курман айт күнү тартылган сүрөт.
2020-жылдагы Курман айт күнү тартылган сүрөт.

Дүйнө мусулмандары 20-июлда Ислам дининдеги чоң майрамдардын бири – Курман айтты белгилешүүдө.

Ислам эрежелерине ылайык, шарты бар адам бул күнү бодо мал же кой союп, муктаждарга таратат. Мекке шаарына ажылыкка аттангандардын зыяраты Курман айт күнүндөгү жөрөлгөлөр менен аягына чыгат.

Коронавирус пандемиясынан улам эки жылдан бери Сауд Арабия падышалыгы өзүнүн жарандарына гана ажылык амалдарын аткарууга уруксат берген.

Кыргызстанда айт намазы борбордук аянттарда эмес, мечиттерде гана окулат. Сыйынууга келгендердин баары беткап тагынып, ортодогу 1,5 метр аралык сакталышы шарт. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат. Ар бир адам дааратты үйүнөн алып, өзүнүн жайнамазын көтөрө келиши керек.

Дүйнө калкынын 1,7 миллиардын мусулмандар түзөт.

Кыргызстанда Курман айт майрамына байланыштуу 20-июль – дем алыш деп жарыяланган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG