Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

Жапаров Германиянын колдоосу маанилүү экенин билдирди 


Европа биримдигинин, Кыргызстандын жана Германиянын желектери. 2017-жылы ошол кездеги кыргыз президент Сооронбай Жээнбековдун Берлинге сапары учурунда тартылган.
Европа биримдигинин, Кыргызстандын жана Германиянын желектери. 2017-жылы ошол кездеги кыргыз президент Сооронбай Жээнбековдун Берлинге сапары учурунда тартылган.

Президент Садыр Жапаров немис канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктап, Германиянын колдоосу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экенин айтты. Жапаровдун куттуктоосу 18-июлда президенттин сайтына жарыяланды.

"Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө демократиялык мамлекетти бекемдөө жолунда ишенимдүү өнүгүп жатат. Бул максатта Германия Федеративдүү Республикасынын көрсөтүп жаткан зор колдоосу биз үчүн өтө маанилүү жана өлкөдө демократиялык, социалдык-экономикалык реформаларды мындан ары улантууга ишеним берет", - деп айтылат куттуктоодо.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн кызматташтыгы бардык багыттарда мындан ары да өнүгөрүнө ишеним артарын билдирди.

Бишкек Берлинди Европадагы маанилүү өнөктөштөрдүн бири катары эсептейт. Дипломатиялык алака 1992-жылы түзүлгөн.

Германия - Кыргызстанга каржылык жардам берип келаткан мамлекеттердин бири. Коронавирус пандемиясына каршы күрөш үчүн да 31 миллион доллардан ашуун кайтарымсыз колдоо көрсөткөн.

Немис канцлери Ангела Меркель 17-июлда 67 жашка толду. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG