Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Камчыбек Ташиев туугандары менен каржылаган мечитти ачты


Чубак ажы Жалилов атындагы мечит. Жалал-Абад. 17-июль, 2021-жыл.
Чубак ажы Жалилов атындагы мечит. Жалал-Абад. 17-июль, 2021-жыл.

17-июлда Жалал-Абаддын Сузак районундагы Барпы айылында "Аалым Чубак ажы Жалилов" атындагы мечит ачылды. Мечиттин курулушун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев туугандары менен чогуу каржылаган. Ал бул тууралуу мечиттин ачылышында сүйлөп жатып билдирди:

“Бул мечитти дагы "канча каражатка же кимден алган акчага курду" деп сөз кылышат. Алла Тааланын алдында күбөлүк берип, айтып келем. Ушул мечитти жана бардык жашоомду бешене терим менен жашап келе жатам. Мындан ары да ушундай болот. Тапкан-ташыганымды, ырыскымды элим менен бөлүшүп жегенге милдеттүү болом. Кандай гана кызматта отурбайын, кай жерде болбоюн аалымдарыбыздын алдында баш ийгенге, аалымдарыбызды урматтап сыйлоого милдеттүүбүз".

16-июль күнү Жалал-Абад шаарында дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган "Өчпөс өмүр" аттуу илимий конференциясы өттү. Иш-чараны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети уюштурду.

Белгилүү дин аалымы, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов 2020-жылдын июль айында пневмониядан 45 жашында каза болгон.(TB/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG