Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:14

АКШ президенти эмдөөгө каршы маанай күчөгөнүнө соцтармактарды айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ президенти Жо Байден соцтармактар, анын ичинде "Фейсбук" коронавируска каршы эмдөө боюнча жалган маалыматтарды жайгаштырып, "элге зыянын тийгизип жатат" деп айыптады. Байден 16-июлда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, оору эмделбегендер арасында гана тарап жатканын айткан.

АКШнын Саламаттык сактоо министрлиги вирус акыркы убактарда эмделбеген кишилер арасында көп тарап жатканын маалымдаган эле.

"Фейсбук" өз кезегинде Байдендин сөзүн жокко чыгарып, COVID-19 тууралуу жалган маалыматтарга каршы жоболор киргизилгенин, вакцина тууралуу да элге туура маалымат берилип жатканын билдирди. Компаниянын өкүлү Кевин Макалистер 2 млрд. ашуун пайдалануучу "Фейсбуктан" коронавирус жана вакцина жөнүндө так, туура маалымат алганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, 3,3 млн. америкалык вакцина жөнүндө маалымат алуу үчүн "Фейсбуктун" издөө кызматын колдонгон.

"Фактылар тескерисинче "Фейсбук" өмүрлөрдү сактап калууга көмөктөшүп жатканын көрсөтүүдө", - деди Макалистер.

2019-жылы Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирус кыска аралыкта дүйнө жүзүн каптады. 190 млн ашуун адам ооруга чалдыгып, 173,5 миңден ашуун киши сакайды. Илдет 4 млн ашык адамдын өмүрүн алды.
Бул аралыкта дүйнөлүк окумуштуулар ооруга каршы вакцинанын бир нече түрүн иштеп чыгып, учурда дүйнө калкынын үч миллиарддан ашууну эмделди. Анын ичинде 344 миллиондон ашуун жараны эмделген Индия биринчи орунда. Экинчи орунда АКШ турат, 329 миллион америкалык коронавируска каршы эмделген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG