Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:23

Дүйшөмбү Кыргызстанда окуп жаткан тажикстандык студенттерди алып кетет


Махмадюсуф Имомзода
Махмадюсуф Имомзода

Кыргызстанда билим алып жаткан тажикстандык студенттер өз мекенине кайтарылат. Бул тууралуу Тажикстандын билим берүү жана илим министри Махмадюсуф Имомзода Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында билдиргенин "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.

Анда министр Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан тажикстандык студенттер өз өлкөсүндөгү окуу жайларга которулуу үчүн арыз бериши керектигин айткан. Министр эмне себептен мындай чечим кабыл алынган түшүндүргөн эмес. Бирок "Азаттыктын" тажик кызматы быйыл апрелдеги чек ара чатагынан соң Кыргызстанда окуп жаткан тажик студенттери басымга кабылганын айтышканын жазууда.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал орун алган. Анда 36 кыргызстандык жана 19 тажик жараны ажал тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG