Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Германиядагы суу ташкын 90дой адамдын өмүрүн алды


Германиядагы суу ташкын
Германиядагы суу ташкын

Германиянын батышындагы суу ташкындан каза болгондордун саны 90го чамалады. 1600дөн ашык адам дайынсыз. Кельндин түштүгүндөгү Арвайлер районунда 1300дөй адам кабарсыз болууда. Бул Германиядагы соңку жылдардагы эң көп адам өмүрүн алган жаратылыш кырсыгы болуп калды.

Акыркы күндөрү тынбай жааган жамгырдан улам дарыялар нугунан чыгып, калктуу конуштарды каптады. Автотрассаларда каттам токтоду. Жолдор бузулуп, байланыштын жок болушу куткаруу иштерине тоскоол болууда.

Түндүк Рейн-Вестфалия, Рейнланд-Пфальц аймактарынын тургундары эвакуацияланды.

16-июлда эртең менен Эрфтштадт шаарында бир нече үй урап калганы кабарланды. Бул аймактагы айрым тургундар эскертүүгө карабай үйлөрүнө кайтууга аракет кылып жаткан эле.

Түндүк Рейн-Вестфалия аймагынын парламенти чукул жыйынга чогулуп жатат.

Германиянын ички иштер министри Хорст Зеехофер федералдык өкмөт селден зыян тарткан аймактарга каржылык жардам бөлөрүн убада кылды.

Коңшу Бельгияда да сел бир нече аймакты каптап, анын кесепетинен 12 адам каза болгону кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG