Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:51

Жогорку соттун төрайымы калп аныктоочу детектордон өтөт


Нургүл Бакирова.
Нургүл Бакирова.

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Макешовдун калпы аныктоочу детектордон өтүү сунушун кабыл алды. Мындай сунуш 15-июлда парлементтин жыйынында соттор тууралуу мыйзам долбоор талкууланып жатканда айтылган.

Макешов анда сотторду тандоо маалында талапкерлерди калпты аныктоочу детектордон өткөрүү өңдүү жобо киргизүү керектигин айтып, Бакированын буга байланышуу пикирин сураган жана үлгү болушу үчүн аны калп аныктоочу детектордон биринчи болуп өтүүгө чакырган.

Жогорку соттун басма сөз кызматы Нургүл Бакирова депутаттын сунушун кабыл алганын билдирди. Ал калпы аныктоочу детектордон качан, кантип өтөрү азырынча маалымдала элек.

Жогорку Кеңеш 15-июлда сот тармагына байланыштуу беш конституциялык мыйзам долбоорду биринчи окуудан карады.

Президент Садыр Жапаров демилгечи болгон бул документтер сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоого багытталганы айтылган. Андагы айрым беренелер укук коргоочулардын, жарандык коомдун сынына кабылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG